ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 6-апрели № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аймагынан ФАП имаратын куруу үчүн кошумча жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылындагы ФАП имаратын эскирип калгандыгы жана айылдын этегинде жашаган элдерден алыс жерде жайгашкандыгына байланыштуу имаратты айылдын борборуна кайра куруп, айыл тургундарына медициналык жактан тез жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, “Кызыл-Тейит” орто мектебинин административдик аймагынан жер ажыратып берүү жөнүндөгү мектеп жамаатынын 2023-жылдын 01-мартындагы кезектеги № 4 протоколун карап чыгып жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3 жана 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Кызыл-Тейит” орто мектебинин админстративдик аямагынан ФАП имаратын куруу үчүн кошумча 0.02 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Кызыл-Тейит” орто мектебинин аймагына курулуп жаткан ФАП имаратын куруу үчүн ажыратылып берилген кошумча жер аянтына керектелүүчү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов