ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы
2023-жылдын 6-апрели № 11
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, “Хендай Старекс” (Hyundai Starex) улгүсүндөгү тез жардам көрсөтүүчү автоунаасын Ноокат райондук Жалпы дарыгердик практикалык борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасынын тез жардам бөлүмү тарабынан айыл тургундарына медициналык жактан сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Жаңы-Ноокат айыл аймагында 2020-жылдын 17-июлундан 10-август аралыгында, айыл тургундары тарабынан өткөрүлгөн кайрымдуулук Марафонунун алкагында сатып алынган “Хендай Старекс” (Hyundai Starex) улгүсүндөгү автоунаасын Ноокат райондук дарыгерлер практикалык борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 2 жана 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасынын, тез жардам бөлүмү тарабынан айыл тургундарына медициналык жактан сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу, айыл аймакта тез жардам кызматынын инфраструктурасын оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, айыл тургундары тарабынан өткөрүлгөн кайрымдуулук Марафонунун алкагында сатып алынган, 2009-жылы Корея Республикасында иштеп чыгарылган, ак түстөгү, 2497 кыймылдаткыч күчүнө ээ, дизелдик кыймылдаткычтуу, 06 KG 348 AEY мамлекеттик номериндеги “Хендай Старекс” (Hyundai Starex) үлгүсүндөгү автоунаасын, Жаңы-Ноокат айылдык ооруканасынын, тез жардам бөлүмүнө туруктуу түрдөө бекитип берүү шарты менен Ноокат райондук Жалпы дарыгердик практикалык борборунун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Жамоловго милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы К. Сатторов