Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 16-сессиясы

2023-жылдын 6-апрели № 13

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 9-кезектеги  сессиясынын № 8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, үй-бөлөлүк бюджетке чоң зыян алып келип жаткан, ашыкча үрп-адат, каада-салттарды кыскартуу боюнча Жобоону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгы  Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө № 203 Жарлыгына таянып,  маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары  отуруму

                ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 9-кезектеги  сессиясындагы “Үй-бөлөлүк бюджетке чоң зыян алып келип жаткан, каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча № 8 Токтомунун 2022-жылдын 10-мартындагы Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

-IV беренесинин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Сөөк коюудан 3 күн өткөндөн кийин шартына жараша маркумдун үй-бүлөсү тарабынан 1 жылкы же 1 кой союга уруксат берилет;

 

-V беренесинин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

-Элге той берүүдө бир кичине жандык же 1 бодо мал союлуп, чакырылган конокторду сыйланышат. Пакеттер катмыга катышкан аксакалдарга гана тартылат. Себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

 -VI беренесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

-Сүннөт той өткөргөн адам тойду бир күндө өткөрөт, мүмкүнчүлүгү болсо 2 жашар музоо  же 1 кой союуга уруксат, андан ашпоого тыюу салынат, жакын туугандарынын жана өз айылынын тургундарынын катышуусунда гана өткөрүлөт. Себет көтөрүп келүү жана көтөрүп кетүүгө тыюу салынат. Кандай гана маараке болбосун катмыга катышкан аксакалдарга гана пакет берсе болот (Жобо тиркелет 3-барак).

2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндөгү” Жарлыгынын  негизинде, ушул айылдык кеңешинин өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү токтомун аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу жагы имамдарга, айыл башчыларга, көчө комитеттерине жана айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту, укук тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.   

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы                                       К. Сатторов

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышы) 2023-жылдын 06-апрелиндегы  № 13 Токтомуна

Тиркеме

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жарандардын үй -бүлөлүк экономикасына зыян тийгизүүчү ашыкча чыгым алып келүүчү, үрп -адаттарды, ырым- жырымдарды, каада салттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү

 

ЖОБО

 

Бул жобо коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан бидъаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирет жана андагы зыяндуу ашыкча убаракерчиликти, ысырапкерчиликти, ыгым- чыгымды жоюу менен жарандардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык социалдык жактан корголушун камсыздап, улуттук руханий маданияттын чыныгы баалуулуктарын аруулап таанууга, сактап калууга элдик каада салттарды урматтоого негиз болот.

Жобо Кыргыз Респуликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациялар» жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2007-жылдын 7-февралында сунуштаган маркумду акыркы сапарга узаттуу жөнүндөгү жобосунун айылдык кенештерди жана жер жерлерде жалпы жыйындарда талкууланган сунуштардын негизинде иштелип чыкты. Жобого ар бир айыл өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүдө чек коюлбайт.

 

1. Жобонун максаты, милдетинин жана аракетинин чектери.

1. Бул Жобонун максаты Кыргыз Республикасынын коомдук жашоо турмушундагы ашыкча ыгым-чыгымдарды жоюу менен Кыргызстандын жалпы элинин социалдык экономикалык таламдарын коргоо, үй-бүлөлүк жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жарандардын турмушундагы социалдык экономикалык бекем пайдубалы, моралдык нравалык баалуулуктарды, үй-бүлөлүк, улуттук, элдик укуктарды камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо болуп саналат.

2.Жобонун милдети элдик салттуу маданияттын жана дүйнөлүк азыркы цивилизациянын жетишкендиктеринин негизинде улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана коомдук салтанаттарды тартипке келтирүү болуп саналат.

3.Жобонун аракети бардык мамлекеттик органдарга коомдук уюмдарга, мекемелерге, бардык жарандарга жайылтылат.

4.Жобону турмушка ашыруу функциясы айылдык кенешке караштуу тиешелүү туруктуу комиссияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана алар ыксыз чыгымдарды талап кылган каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча чектөө иш-чараларын киргизген айрым жерлердеги иш-тажрыйбаларды жайылтат жана өз аймагындагы эл арасында жергиликтүү коомдук жана диний уюмдар, топтор аркылуу, маалымат каражаттары аркылуу тиешелүү иш-чараларды өткөрөт.

Жобо аймактын жергиликтүү кенеши тарабынан бекитилет.

5.Жобону жүзөгө ашыруу айыл өкмөтүнүн алдында ашыкча чыгымдарды жана үрп -адаттарды, каада-салттарды тартипке келтирүү боюнча коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу комиссия түзүлөт жана жумушчу комиссия өзүнүн иш-чара планын иштеп чыгып, анын негизинде жобону ишке ашырат.

6.Жобонун аткарылышы жана жумушчу топтун ишинин айылдык аймактын жалпы жыйыны, айылдык кенеш жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып турат.

 

II.Ашыкчы чыгымдарды жана ашыкча үрп-адаттарды, каада-салттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун ыйгарымдуулук укуктары:

Ушул жобонун жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык каада-салттарды, үрп-адаттарды,ырым-жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүүнү көзөмөлдөө.

Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды, тойлорду, майрамдык аземдерди үнөмдүү өткөрүү үчүн эрежелерди, сунуштарды иштеп чыгуу.

Каада-салттарды, үрп-адатттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелерди тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана калк арасында агартуу жана үгүттөө иштерин жүргүзүү, жарандардын укугун коргоодо жеке жана юридикалык жактарга иш-чараларды өткөрүүдө көмөк көрсөтүү.Бул жоболор сакталбаган учурда комиссия жана коомдук комитеттер керектүү кагаздарды даярдап, укуктук жана коомдук таасир этүү чарасын көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтөт.

 

III.Расмий салтанаттарды өткөрүү

жана ашыкча убаракерчиликти жоюу:

Кыргыз Республикасынын Конституциясында кабыл алынган расмий майрамдарды белгилеп, мамлекеттик мыйзамдуулуктун чегинде өткөрүлөт. Окуу жайларда, мектептердин окуучулардын турмушунда мурда салтта болбогон убаракерчиликтерге мамлекеттик мыйзамдар менен каралбаган үй-бүлөлүк бюджетке терс таасир тийгизген туулган күн, классташтар отурушу сыяктуу кечелерди уюштуруу, акча топтоп белек алып берүүлөргө элибиздин менталитети туура келбеген юбилейлерди өткөрүүгө чек коюлат. (Мектепти бүтүрүүчүлөр 10.20.30 ж.б. жылдык юбилейлерин белгилөөдө мектеп үчүн зарыл болгон буюмдарды макулдашуу менен белекке берүү сунушталат).

Элдик салтта орду жок, кийинки кездерде келип чыккан абысындар, бажалар, туугандар,  ажылар, кудалар,  келиндер отурушу сыяктуу иш-чаралар өткөрүүгө чек коюу.

 

IV.Маркумду узатуу;

1.Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.

2.Маркумду акыркы сапарга узатуу ар бир айылдын улуттук диндик өзгөчөлүктөрү эске алынып ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.

3.Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу маркумдун урук-туугандары, куда сөөктөрүнө, карым-катнаш адамдарына кабарлоо, аларды тосууну жана жайгаштырууну, кайра узатууну уюштуруу, сөөктү коюу күнүн белгилөө жана маркумдун жайын каздыруу жагы айыл башчысы, имам, айыл аксакалдар кенешинин жетекчиси, көчө комитетинин жетекчилиги жана жаштар уюмдары аркылуу уюштурулат. Маркум өткөн күнү жана аза күтүү ырым-жырымы болуп жаткан жерде, 3-күн ичинде колу-коңшулар жана жакын туугандары каражат жагынан жардамдашып, алыстан келген меймандар үчүн ысык-тамак уюштурса болот. Сөөк коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерге тыюу салынат. Маркум өткөн жерде жыртыш айрууга, коробка көтөрүп келүүгө, идиш берүүгө, көк кийүүгө, батага 30 жашка чейинки кыз-келиндердин келүүсүнө тыюу салынат, аза күткөндөргө салтанаттарга кийүүчү улуттук кийимдерди кийгизүүгө тыюу салынат. Уюштуруу иштерине бекитилген кишилер гана катышат.

4.Сөөк коюудан 3 күн өткөндөн кийин шартына жараша маркумдун үй-бүлөсү тарабынан 1 жылкы же 1 кой союга уруксат берилет;

5.Курбан айт, орозо айт (майрам) күндөрү маркум чыккан үйлөрдө куран окутуп, “айттык” өткөрүү тыюу салынсын.

6.Бейшембилик, кырктык, элүү экилик, жылдык сыяктуу ашыкча расымдар өткөрүлбөйт. Кийим кийгизмей, союш жетелеп баруу, чай ичирди  болбойт.

7.Жакынын жоготкон үй-бүлөгө каражат жагынан колдоо көрсөтүүгө чек коюлбайт.

Жободо уруксат берилбеген ашыкча ысырапкерчиликтер үчүн куран окуган имамдарга чара көрүү сунушталат.

 

V.Үйлөнүү жана кыз узатуу тойлорун өткөрүү.

1.Үйлөнүү тою эки жашка тең мыйзамда уруксат берилген куракка жеткен инсандарды өз ыктыярлары менен эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлөт. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине сый кийимдерди белектерди берүүгө уруксат берилет.

2.Пата той, көчүрүп келгендерди сыйлоо, күйөө балдарды сыйлоодо ашыкча ыгым-чыгымдар жоюлсун.

3.Үйлөнүү тоюнда ЗАГС ка чыгуучу автомашиналардын саны 3 кө чейин болууга тийиш же 1 жеңил автомашина жана 2 БУС маркасындагы  автобус чыгууга уруксат берилет. Хаммер, ЖИП машиналары менен чыгууга тыюу салынат. Жогоруда айтылган жеңил машиналарга айыл өкмөтү тарабынан справка берилет.  Уруксатсыз чыккан автомашиналардын айдоочуларына МАИ кызматкерлери тарабынан чара көрүлөт.  

4.Калың 130 миң сомго чейин, союш 4 кө чейин, эки таңгак пахта берүүгө уруксат.

5.Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан төшөнчүлөр, килемдер азайтылып турмуш тиричиликке зарыл болгон гана буюмдар берилет.

6.Элге той берүүдө бир кичине жандык же 1 бодо мал союлуп, чакырылгын коноктор сыйланышат. Пакеттер катмыга катышкан аксакалдарга гана тартылат. Себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

7.Үйлөнүү тойлору үйдө же тойканада ичимдиксиз өткөрүлүп, түнкү саат 24:00 гө чейин бүткөрүлсүн.

8.Эки жашка ЖААЖ (ЗАГС) бөлүмүнөн же айыл өкмөтүнөн нике каттоодон өткөндөн кийин молдо тарабынан күндүзү нике кыюуга уруксаат берилет.

9.Тойдон кийин салттык отко кирүү, келин көрдү төркүлөтүү сыяктуу кечелер өз ыктыяры менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 15 ке чейин адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

10.Кызды мажбурлап ала качып, турмуш курууга тыюу салынат .

 

VI.Ар түрдүү башка тойлорду өткөрүү:

Сүннөт той өткөргөн адам тойду бир күндө өткөрөт, мүмкүнчүлүгү болсо 2 жашар музоо  же 1 кой союуга уруксаат, андан ашпоого тыюу салынат, жакын туугандарынын жана өз айылынын тургундарынын катышуусунда гана өткөрүлөт. Себет көтөрүп келүү жана көтөрүп кетүүгө тыюу салынат. Кандай гана маараке болбосун катмыга катышкан аксакалдарга гана пакет берсе болот.

Сүннөткө  жаткырылган балага ар түрдүү майда белектерди берүүгө чек коюлбайт.

2.Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз, үй бүлөлүк майрам катары белгиленет.

3.Ажы менен учурашуу жалпы элдик тойго айландырылбай чакырылгандардын жана жакын туугандарынын  гана катышуусунда өткөрүлөт, мүмкүнчүлүгүнө жараша бир майда жандык союуга уруксат берилет.

Ажыга барган адам менен учурашууга келгендерге белек берилбейт, нан- пакет алынбайт.

 

VII.Мектептерде даталуу күндөрдү өткөрүү.

Мектептерде даталуу күндөрдө акыркы конгуроо, алиппе майрамы күндөрүндө мугалимдерге баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

Мектептер үчүн гана муктаждыгына жараша ыктыярдуу түрдө керектүү буюмдар алынып тапшырылат.

«Бүтүрүү кечелери» сыяктуу кечелер ата энелердин катышуусунда, ашыкча чыгымдарсыз 4 сааттан ашпастан, күндүзү гана өткөрүлөт.

 

VIII.Бала төрөлгөндө өткөрүлө турган бешик той, ата көрдү.          

 Акыйка аземи  баланын атасы баласына атап мүмкүнчүлүгүнө жараша майда жандык союп, (акыйка) тоюн өткөрүп берсе болот.  Келиндин ата-энеси жаңы төрөлгөн ымыркайга бир бешикти жасалгасы менен акыйка өткөргөн күнү алып келет. Башка белектерди алып келүүгө тыюу салынат.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  төрагасы           К.Саттаров