Редакцияот 24.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ             

 Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз тогузунчу   сессиясы

2022-жылдын 24 августунда №44

  Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү  бюджетинин кирешелер  чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү  бюджетинин кирешелер  чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө “Финансы,  экономика, бюджет,  экономикалык  жактан өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын аныктоо  жана  инвестиция маселелери” боюнча  туруктуу  комиссиясынын,Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   10-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү   бюджетинин кирешелер  боюнча аткарылышы  канааттандырарлык деп  табылсын.

2.Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын алты айында жергиликтүү  бюджетинин  чыгашалар боюнча  аткарылышы канааттандырарлык эмес деп  белгиленсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

Төрага:

Б.Келдибаев