Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

   Көтөрмө  айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги ХХXI сессиясынын

 

2024-жылдын 12-январы №31/2

Көтөрмө айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

           Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык Кенешинин сессиясы 2017-жылдын 28-июлундагы  № 157 “Кыргыз Республикасынын мамлекттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзамына, Көтөрмо айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндогү Жобого негиз

                                                      Токтом кылат:

  1. Көтөрмө айыл аймагындагы маданий-тарыхый мурастарды элге жайылтууга салым кошкондугу үчүн төмөнүкү инсандарга Көтөрмө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

1.1.                  Раев Султан Акимович-“Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу”, Эл аралык “ТүркСой” уюмунун башчысы.

1.2.                  Молдокасымов Кыяс Сатарович-белгилүү тарыхчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы “Мурас” фондунун жетекчиси

1.3.                  Кочкоров Нышанбек Кочкорович-белгилүү журналист, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”

1.4.                  Абсаттаров Азамат Асатиллаевич-журналист, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин кызматкери.

1.5.                  Аззамжан уулу Айтмат-“Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун төрагасы.

2.     Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көтөрмө айыл кеңешинин этика жана мыйзамдуулук, адам укуктарын коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына жүктолсүн.

             Торага                                         А. Бактыбаев