Редакцияот 24.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ             

 Зергер айылдык кеңешинин жетинчичакырылыштагы  кезексиз тогузунчу   сессиясы

2022-жылдын 24-августу №45

Кутурган айылына мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө элдик жыйындын  сунушун кароо жөнүндө

      Зергер айылдык кеңешинин кезектеги онунчу  сесссиясы Кутурган  айылынын 2022-жылдын “24” июлундагы  Кутурган айылына мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө элдик жыйынынын протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып токтом  кылат:

1.              Кутурган айылына муниципалдык  мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берилсин.

2. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга байланыштуу документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу    комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  

Төрага:

Б.Келдибаев