КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги ХХXI сессиясынын
2024-жылдын 12-январы №31/10
Тамаша айылындагы А.Камбаров атындагы орто мектебинин жылуулук системасын оңдоп-түзөө иштерине каражат кароо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык Кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Тамаша айылындагы А.Камбаров атындагы орто мектебинин жылуулук системасын оңдоп-түзөө иштерине Көтөрмө айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 1-январь 2024-жылга карата калган каражатынан 88 000 (сексен сегиз миң) сомкаражат бөлүнүп берилсин.
2.. Керектүү каражатты болүп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Бактыбаев