ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз18- сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 18-1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” № 350 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” №350 Жарлыгын аткарууга алуу максатында айыл өкмөт башчысы А. Шамуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Он Эки Бел айыл аймагынын Нарай, Мырза Найман, Он Эки Бел айылдары Көк-Жар айыл аймагына биригүү маселеси колдоого алынсын.
- Он Эки Бел айыл аймагынын Он Эки Мойнок, Өрнөк айылдары Төөлөс айыл аймагына биригүү маселеси колдоого алынсын.
- Ушул токтомду укутук нормативдик актылар реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым Б. Абдыкаимова