ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз18- сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 18-2
Он Эки Бел айыл аймагынан Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча айылдарда чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215- «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына жана Уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1-чечимине негиз, айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Он Эки Бел айыл аймагынан Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 50 (элүү) болуп бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет).
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2-тиркеме тиркелет).
3. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын, чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин. (№3-тиркеме тиркелет).
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары – Жумушчу топ). (№ 4-тиркеме тиркелет).
5. Ар бир айылдын айыл башчысы айылдын чогулушун уюштурууга көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин маданият, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, миграция жана соц коргоо, ММК боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б. Абдыкаимова
Он Эки Бел айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 3-октябрындагы кезексиз сессиясынын №18-2 токтомуна №1-тиркеме
Он Эки Бел айыл аймагынан Элдик курултайга айыл аймагынын санына жараша делегаттардын нормасы-50 (элүү) айыл аймагынын калкынын саны 2023-жылдын 1-январына карата 7904 киши.
Он Эки Бел айыл аймагындагы айылдарга карата калктын саны
к/н | Айылдардын аталышы | Калктын саны | Эскертүү
|
1 | Нарай айылы | 1713 киши | 11 киши
|
2 | Мырза Найман айылы | 1339 киши | 9 киши
|
3 | Он Эки Бел айылы | 2036 киши | 13 киши
|
4 | Он Эки Мойнок айылы | 1124 киши | 7 киши
|
5 | Өрнөк айылы | 1692 киши | 10 киши
|
| Жалпы:
| 7904 киши | 50 киши |
Катчы К. Абдырахманов.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 3-октябрындагы кезексиз сессиясынын №18-2 токтомуна № 2-тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги
к/н | Айылдардын аталышы | Өткөрүү датасы
| Өткөрүлө турган жери |
1 | Нарай айылы | 17-октябрь 2023-
жыл Саат 10-00.
| “Нарай” спорт зал |
2 | Мырза Найман айылы | 17-октябрь 2022-
жыл Саат 13-00.
| “Нарай” орто мектеби |
3 | Өрнөк айылы | 18-октябрь 2022-
жыл Саат 10-00. | Н.Алтымышев атындагы Өрнөк орто мектеби |
4 | Он Эки Мойнок айылы | 19-октябрь 2022-
жыл Саат 10-00.
| А.Сранов атындагы орто мектеби |
5 | Он Эки Бел айылы | 20-октябрь 2022-
жыл Саат 10-00. | Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн имараты |
Катчы К.Абдырахманов