Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз17- сессиясы

2023-жылдын 11-августу № 17-1

Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу Нарай айылынын жаңы конушунун көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндө

       Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу “Нарай” айылынын жаңы конушунун көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндөгү жергиликтүү тургундар тарабынан жалпы жыйында кабыл алынган чечимин мыйзамдаштыруу максатында, тиешелүү туруктуу комиссиянын отурумунда кабыл алынган чечимине жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айылдык кеңештин сессиясы

        ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу “Нарай” айылынын жаңы конушунун аты жок көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндөгү жергиликтүү тургундар тарабынан жалпы жыйында кабыл алынган чечими жактырылсын.
  1. Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу “Нарай” айылынын жаңы конушунун аты жок көчөсү М. Жумабаев атындагы көчө деп аталсын.
  1. М. Жумабаев көчөсүнүн жарыктандыруу, көчөлөргө шагыл төгүү, табличкаларды жайгаштырып номерлөө жагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерине жана М. Жумабаевдин балдарына милдеттендирилсин.

        Төрага                                                                          Б. Абдыкаимова.