Редакцияот 24.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги онунчу    сессиясы

2022-жылдын 24-августу № 48

 

Зергер жайыт комитетинин  2022-жылдагы  бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Зергер айылдык кенешинин кезектеги  онунчу сессиясы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери»  боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып    токтом кылат:

 

1.Зергер жайыт комитетинин 2022-жылга бекитилген  бюджетинин чыгашалар статьясынын  резервдик фондунан 20,0 мин сом,жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн акча каражатынан 10,0 мин сом кыскартылып,жалпы 30,0 мин сом мал чарба кызматкерлеринин алты айлык жыйынтык майрамын өткөрүп берүүгө  макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөл  кылуу  жагы, Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга   милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

Б.Келдибаев