Редакцияот 20.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

   Орозбеков  айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын

 

2024-жылдын 20-январы №147

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы

боюнча Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Максутовдун  отчету  жана 2024-2025-2026-жылдарга социалдык –экономикалык өнугүү программасын (СЭӨП) бекитүү   жөнундө

    

Кун тартибиндеги маселе боюнча Орозбеков айыл өкмөтүнун башчысы З.Н.Максутовдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Орозбеков  айылдык кеңеши  токтом  кылат:

 

1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн  башчысы  З.Н Максутовдун  айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын жыйынтыгы боюнча  аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча    отчету  канааттандырарлык  деп табылсын.

 

2. Айыл аймакта административдик- аймактык реформа жүргузүлүп жаткандыгына байланыштуу, Орозбеков айыл аймагынын 2024- жыл үчун түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы(СЭӨП) өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

3. Айыл өкмөтүнө (З.Н.Максутовго) 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш-чараларын ишке ашырууда кошумча каржы булактарын табуу жагы сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин бюджет жана экономика  маселелер, социалдык маселелер жана инвестиция тартуу маселелери боюнча  туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 Төрага:                                                                        О. Ибрагимов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                   

                                                                                                                      Орозбеков айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын

                                                                                                                        кезектеги жыйырма төртүнчу сессиясынын №147 токтомуна   

                                             тиркеме №1

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы

Баткен областы Кадамжай району

 

2024-жылга Орозбеков айыл аймагынын өнүгүү программасы

 

 

«Кандай программа болбосун, ал эл колдоосуна ээ болуп, региондун жана

элдин кызыкчылыгын көздөгөн, турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган болуусу керек»

 

 

“Байлык-элде, жерде жана эмгекте”

 

 

Учкун  айылы- 2024-ж.

 

 

 

Мазмуну:

I-бөлүк. Орозбеков айылынын азыркы күндөгү абалы

Орозбеков айылдык аймагынын башчысынын кайрылуусу

Кыскартуулар

Айылдык аймак боюнча кыскача маалымат (социалдык паспорт)

II-бөлүк. Өнүгүүнүн стратегиясындагы иш-чаралар

1. Орозбеков айыл аймагынын өнүгүү программасынын иш-чаралары:

- айыл аймагына ыйгарылган 22 милдет боюнча кабыл алынган иш-чаралар

-жана жогорудагы иш-чаралардан тышкары жергиликтүү бюджеттен курулуп жаткан курулуштар жана иш-чаралар.

(25 милдет негизинде кабыл алган иш- чаралардын аткарылышы айылдык кеңештин сессиясында квартал сайын каралат жана 25 иш-чаранын ичинен ири иш-чаралар райондун Өнүгүү  программасына камтылат)

- айыл аймактын аймагында республикалык бюджет эсебинен курулуп жаткан социалдык имараттардын курулушу жөнүндөгү иш-чаралар

(бул иш чаралар толугу менен райондун Өнүгүү Программасындагы иш-чарасына камтылат, айыл аймагы жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

- донорлор, кредиттик уюмдар жана чет элдик грант эсебинен курулуп жаткан жол, суу, чек ара, электр энергия тармагындагы курулуштар жана социалдык имараттар жөнүндөгү иш-чаралар.

(бул иш чаралар толугу менен   райондун Өнүгүү Программасындагы  иш-чарасына каьтылат, айыл аймагы жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

 

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кириш сөзү

  1. Урматтуу   Орозбеков  айыл   аймагынын   тургундары!

        Сиздер менен биз жаны доорду кабыл алуу менен өлкөнү санариптештирүүгө кадам коюп жаткан мезгилибиз.   Биздин артыбыздан келечектин жаны муундары өсүп келе жатат, биз алар менен бирге ата-бабаларыбыз жолун улап, бизге чейинки муун калтырып кеткен жетишкендиктерди толуктап, аларды улантуубуз зарыл. Бул үчүн айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы керек. Туруктуу өнүгүү – адамзат коомунун өз ара жана табият менен болгон биримдиги болуп саналат.

        Орозбеков  айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы 2024- 2026-жылга  чейин туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын, приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт. Андан сырткары бул программанын негизги  максаты – жакынкы келечекте айыл аймактын жашоосун азыркы мезгилдин талабына ылайык, инфракструктурасын  жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, жергиликтүү бийликтин кылган иш- аракеттери көрсөтүлгөн.

      Бул программаны иштеп чыгуу максатында, Орозбеков айыл өкмөтүнун  2024-жылдын 18-январдагы №01-14/07 буйругуна негизинде  13 кишиден турган жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топтун курамында ар тармактын  өкүлдөрү катышып, айыл аймагыбыздын жакынкы  1 жыл аралыгында ыкчам жана туруктуулук менен өнүгүү багыттарын аныктап, өнүгүү жолдорун чагылдыруучу документти иштеп чыгышты. Ошондой эле бул программаны иштеп чыгууда, айыл аймагыбыздын 2026-жылга чейинки башкы стратегиялык планынын иш-чаралары эске алынды.