Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз17- сессиясы

2023-жылдын 11-августу № 17-4

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу Мырза Найман айылында өнүгүү фондунун эсебинен кичи футболдук аянтчанын курулуш иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен үлүштүк пайызды кароо жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Мырза Найман айылына өнүгүү фондунун эсебинен кичи футболдук аянтча куруу иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тартышсыздыгын эске алып 20% дык өздүк салым жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлөөрү эскертилсин.
  1. Мырза Найман айылынын жашоочуларынын 20% дык өздүк салымынын суммасы 571 113 (беш жүз жетимиш бир миң жүз он үч) сом эсебинде каралсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, энергетика ишкердүүлүк, жана кайра иштетүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага Б. Абдыкаимова