ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз17- сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 17-5
Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылынын тургуну К. Аширбаевдин арызы жөнүндө
Өрнөк айылынын тургуну К. Аширбаевдин Живпром бөлүмүнөн өз каражатынын эсебинен айыл чарбасы үчүн ыңгайсыз жерден өздөштүргөн 2,61 га жер аянтынын ичинен идентификациялык номуру 5-05-12-0008-0183 ( 2550,0 м/кв ) жана 5-05-12-0008-0184 (2550,0 м/кв) жер участокторунун жалпы аянты 0,51 га жер аянтынын багытын жеңил конструкциядагы курулуш куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызына жана айылдык кеңештин “Жер, жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун макулдугуна жана Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Өрнөк айылынын тургуну К. Аширбаевдин Живпром бөлүмүнөн өз каражатынын эсебинен айыл чарбасы үчүн ыңгайсыз жерден өздөштүргөн 2,61 га жер аянтынын ичинен 0,51 га жер аянтынын багытын жеңил конструкциядагы курулуш куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.
- 0,51 га жер аянтына тиешелүү юридикалык иш кагаздарын бүтүрүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы А .Шамуратовко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Жер, жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрайым Б. Абдыкаимова