Редакцияот 24.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги онунчу    сессиясы

2022-жылдын 24-августу № 49

 

Зергер айыл өкмөтүнө  караштуу Кайрат участкасында,   Тосой-Кызылжар участкасында, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак   учаскасындагы куураган,сынган жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарды санитардык тазалоо,бутоо жүргүзүүгө  макулдук берүү жөнүндө

Зергер айылдык кеңешинин   кезектеги 10-сессиясы токойчу К.Караевдин  Зергер айыл өкмөтүнө  караштуу  Кайрат участкасындагы,   Тосой-Кызылжар участкасындагы, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак    учаскасындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарды бутап санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө   билдирүүсүн  угуп талкуулап чыгып токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат участкасындагы, Тосой-Кызылжар участкасындагы, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак    учаскасындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарын  бутап санитардык тазалоо  жүргүзүүгө  макулдук берилсин.

2.Айыл өкмөткө   Кайрат участкасындагы, Тосой-Кызылжар участкасындагы, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак   учаскасындагы куураган,сынган жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарын  бутап санитардык тазалоо  иштерине   көзөмөл жүргүзүү милдетттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Б.Келдибаев