Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз17- сессиясы

2023-жылдын 11-августу № 17-6

Он Эки Бел айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылынын тургуну   Т. Аширбаеванын арызы жөнүндө

        Өрнөк айылынын тургуну Т. Аширбаеванын Живпром бөлүмүнөн өз каражатынын эсебинен айыл чарбасы үчүн ыңгайсыз жерден өздөштүргөн 0,94 га жер аянтынын ичинен “Кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу” келишиминин негизинде сатып алган   З. Исаковко идентификациялык номуру 5-05-12-0008-0188 ( 1000,0 м/кв ) жана 5-05-12-0008-0189 (1000,0 м/кв ) жер участогунун жалпы 2000,0м/кв жер аянтынын  багытын жеңил констукциядагы курулуш куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызына жана айылдык кеңештин “Жер, жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун макулдугуна жана Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык айылдык кеңештин сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Өрнөк айылынын тургуну Т. Аширбаеванын Живпром бөлүмүнөн өз каражатынын эсебинен айыл чарбасы үчүн ыңгайсыз жерден өздөштүргөн 0,94 га жер аянтынын ичинен келишим негизинде З. Исаковко сатылган  2000,0 м/кв жер антынын багытын жеңил конструкциядагы курулуш куруу үчүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.
  1. 0,20 га жер аянтына тиешелүү юридикалык иш кагаздарын бүтүрүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы А .Шамуратовко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Жер, жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

                   Төрайым                                                                    Б. Абдыкаимова