Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз16- сессиясы

2023-жылдын 12-июну № 16-1

Он Эки Бел айылдык кеңешинин  регламентин бекитүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 9-пунктчасына ылайык, айылдык кеңештин жаңы редакцияланган регламентин угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Он Эки Бел айылдык кеңешинин жаңы мыйзамга ылайык редакцияланган регламенти жактырылсын жана бекитилсин.
  1. Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

      Төрага                                                                    Б. Абдыкаимова