ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз16- сессиясы
2023-жылдын 12-июну № 16-2
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы А. Шамуратовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27-34-беренелерине ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитип берүү жөнүндөгү маалымат жактырылсын жана бекитилсин.
- Он Эки Бел айыл аймагында Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибинин жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
- Бекитилген функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттерди уюштуруунун жана алардын аткарылышы боюнча көзөмөлдөө милдети айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы А. Шамуратовко милдеттендирилсин.
Төрага Б. Абдыкаимова