Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз16- сессиясы

2023-жылдын 12-июну № 16-3

Он Эки Бел айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 5-пунктуна ылайык Он Эки Бел айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда түшкөн сын-сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин тиешелүү комиссиясынын корутундусун угуп Кыргыз Республикасынын            “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин                  2-пунктунун 8-пунктчасына ылайык айылдык кеңештин сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Тиркемеге ылайык Он Эки Бел айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.( тиркеме тиркелет).
  1. Он Эки Бел айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.qomsumo.qov.kg сайтына жарыялансын.
  1. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук,  миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  

Төрага Б. Абдыкаимова