Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз16- сессиясы

2023-жылдын 12-июну № 16-4

Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга карата орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө

         Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга карата болжолу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 95-беренесин жетекчиликке алып, жергиликтүү бюджеттин 2024-2026-жылдарга орто мөөнөттүү болжолдуу долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда, айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, ишкердүүлүк, жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык айылдык кеңештин сессиясы

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

1.     Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026-жылдарга карата болжолунун негизги көрсөткүчтөрү жактырылсын.(тиркеме тиркелет).

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, ишкердүүлүк, жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага Б. Абдыкаимова