ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз16- сессиясы
2023-жылдын 12-июну № 16-5
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишими жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен түзүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин бекитип берүү жөнүндөгү Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2013.09.07 № 127-Мыйзамына ылайык айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишимин бекитип берүү жөнүндөгү Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн маалыматы жактырылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишиминин шарттарына ылайык берилген мөөнөткө чейин иш алып баруу жана иш кагаздарын даярдап калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине тапшыруу Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси К. Досановко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б. Абдыкаимова