ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясынын
2024-жылдын 20-январы №152
Жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдын жыл башына калган калдыгын бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын башына калган бюджеттен жана атайын каражаттын калдыгын бекитүү жөнүндө каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Мурзакматовдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кенештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2024-жылдын башына калган 340,3(үч жүз кырк миң үч жүз )сом калдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына №1 -тиркеме ылайык киргизилсин, атайын каражаттан жыл башына калган калдык 12,8( он эки миң сегиз жүз) сом №2 – тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
- Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Мурзакматовго бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
- Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көнүлгө алуу жагы суралсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: О.Ибрагимов
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги он бешинчи сессиясынын 20.01.2024-жылдагы № 152 токтомуна тиркеме №1
Киреше бөлүгү
Бюджет
Миң сом
Катар № | Киреше бөлүгүнүн мазмуну | статьясы | Суммасы (сом) | I квартал |
1 | Жыл башына калган калдык | 3111 | 340,3 | 340,3 |
| Жыйынтыгы: |
| 340,3 | 340,3 |
Чыгаша бөлүгү
Бюджет Миң сом
Катар № | Чыгаша бөлүгүнүн мазмуну | статьясы | Суммасы (сом) | I квартал |
1 | Капиталдык ондоп-түзөө | 3111 | 340,3 | 340,3 |
| Жалпы жыйынтыгы: |
| 340,3 | 340,3 |
Орозбеков айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы: А.Нажиева
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги он бешинчи сессиясынын 20.01.2024-жылдагы № 152 токтомуна тиркеме №2
Киреше бөлүгү
Атайын каражат
Миң сом
Катар № | Киреше бөлүгүнүн мазмуну | статьясы | Суммасы (сом) | Iквартал |
1 | Жыл башына калган калдык | 2215 | 12,8 | 12,8 |
| Жыйынтыгы: |
| 12,8 | 12,8 |