Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 19-январы № 3

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2024- жылга жергиликтүү бюджетинин жана

2025-2026 жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

 

Кен-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII – чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 9448,5 сом суммасында баланс бекитилсин.

Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:

Теңдөөчү грант

3370.5 миң сом

Иш берүүчүлөр тарабынан айлык акыдан кармалуучу киреше салыгы

5052,2 миң сом

Транспорт ээлеринен алынуучу салык

288,0 миң сом

Короо жай жер салыгы

88,7 миң сом

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

23.8 миң сом

КБФ жерлердин аренда акысы

38,0 миң сом

Ишкердик ишин жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык

5,6 мин сом

Жайыт ижарасы учун акы

141,7 мин сом

Ата-энелер төлөмүнөн

440,0 миң сом

Чыгаша бөлүгү 9448,5 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:

1.Башкаруу аппаратына

5074.3 миң сом

2. Коргонуу болумуно

250,0 мин сом

3. Экономикалык маселелер

94,5 мин сом

4.Турак жай коммуналдык бөлүмүнө

1050.5 миң сом

5.Маданият бөлүмүнө

1078.7 миң сом

6. Билим берүү бөлүмүнө

1069.5миң сом

7. Социалдык коргоо бөлүмүнө

391,0 миң сом

8. Атайын каражат

440,0 миң сом

2. 2024-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы,соц.фонд,байланыш ,тамак-аш, ж.б).

3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык Кеңештин сессиясына сунушталсын, планга тактоо киргизуу Каржы Министрлигинен Ар кандай чыгымдарга жана курулмаларды алууга жетпеген 1000.0(бир миллион )сом акча каражаты Каржы Министрлигинен суралсын.

4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге жана статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык окмотунун башчысынын токтому менен жургузулсун.

5. 2024-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 1,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

6. 2024-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 250.0 миң сом өзгөчө кырдаалдар үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-статьясынын негизинде  2024-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 2%ынын эсебинен 180.1 миң сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.

7. 2024-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорду тыюу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы (С.Темирбаевага) тапшырылсын. Жыйноодо,өткөн жылдан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.

8. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффиценти К1=1,0 болуп белгиленсин.

9. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.

10. КР Өкмөтүнүн 2013 – жылдын 30- майындагы  №302 токтомунун 1 – пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министирлиги аркылуу каржыланаары белгиленсин.

11. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы,соц.фондко чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.

12. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин

13. 2025-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 8622.0 анын ичинен теңдөөчү грант 3370,5 миң сом. 2026-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 9010.0 анын ичинен теңдөөчү грант 3370,5 миң сом суммасында белгиленсин.

14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Б.Токонов