Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Балыкчы шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

Кезексиз XXII сессиясы

2024-жылдын 19-январы №3

Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүн жоюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын № 02-1-10/6494 11.09.2023-жылдагы көрсөтмөсүнүн негизинде Балыкчы шаарынын мэриясынын  алдындагы  жергиликтүү салыктары чогултуу боюнча бөлүмдүн алып барган иши 2024-жылдын 1-январынан тартып салык органдарынын түзүмүнө өткөрүлүп берилип жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгынын № 020-12/959  19.12.2023-ж. кайрылуусунун  негизинде Балыкчы  шаардык мэриясынын  09.01. 2024-ж. № 01-18/24 жазган  кайрылуусун шаардык кенештин депутаттык туруктуу  комиссиясынын  протоколук сунушуна ылайык карап, талкуулап, Балыкчы   шаардык   Кеңешинин  кезексиз сессиясы

 

токтом  кылат:

 

1.            Балыкчы  шаарынын жергиликтүү  салыктарды чогултуу бөлүмү  2024-жылдын 1-январынан  тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, жоюлгандыгына байланыштуу 2024-жылдын 1-январынан баштап жергиликтүү  бюджеттен  каржылоо токтотулсун.

2.            Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырлышынын XXVII сессиясынын 24. 02. 2015-ж. Балыкчы шаарынын  мэриясынын  алдында муниципалдык   жергиликтүү  салыктарды  чогултуу  боюнча  бөлүмүнүн иштөө  тартиби  боюнча  жобосу жөнүндөгү № 1 токтомунун  күчү жоготту деп  табылсын.

3.            Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырлышынын  XXVI сессиясынын 17. 12. 2019-ж. салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү өткөрүлүп берилген мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча өз ара келишимди бекитүү маселеси жөнүндө № 6/1 токтомунун күчү жоготту деп табылсын.

4.            Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырлышынын XVIII сессиясынын 3.04.2014-ж. “Шаардык салык кызматы башкармалыгынын жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнө жергиликтүү  бюджеттин эсебинен бир штаттык бирдик ачып берүү  жөнүндө” № 4 токтому жокко чыгарылсын.

5.            Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын  XXVIII сессиясынын 24.02.2019-ж. Балыкчы шаар мэриясынын  алдындагы жергиликтүү  салыктарды чогултуу  бөлүмүнүн  штаттык структурасын  бекитүү жөнүндө  №3 токтому жокко  чыгарылсын.

6.            Балыкчы шаарынынын мэриясынын  алдында  жергиликтүү салыктарды чогултуу бөлүмүнүн жоюлушуна байланыштуу бошотулган кызматкерлерге мыйзамга ылайык белгиленген жөлөк пулдарды төлөп берүү  жагы шаар мэриясына сунушталынсын.  

7.            Кабыл  алынган токтом  Ысык-Көл облусунун юстиция   башкармалыгына  мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын  реестрине каттоодон  өткөрүү жагы суралсын.

8.            Мамлекеттик  кайра каттоо  жөнүндөгү  чечимде, андагы  көрсөтүлгөн маалыматтардын  анык экендиги  жана  мыйзамда белгиленген  учурларда   юридикалык жакты  кайра  каттоо маселелери  тийиштүү  мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен  макулдашылгандыгын  ырастайт.

9.            Кабыл  алынган  токтом «Балыкчы»  газетасына   жарыялансын.

10.         Токтомдун  аткарылышына көзөмөл  жүргүзүүнү Балыкчы шаардык Кеңешинин бюджет, экономика  жана  салык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына   жана  социалдык өнүгүү, укук  коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына, Балыкчы  шаардык мэриясына   тапшырылсын.

 

Кеңештин  төрагасы                                                            Ж.М. Абдразаков