Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 19-январы № 7

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык

бирдиктерин бекитүү жөнүндө

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII-чакырылышынын 1-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №451 токтомун жетекчиликке алуу менен айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык бирдиктери 11(он бир) бирдикте бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Темирбаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Токонов

 

 

Тиркеме № 1

«МАКУЛДАШЫЛДЫ»

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн

Башчысы______________Ч. Алымкулов

 

19-январь 2024-жыл

 

«БЕКИТЕМИН»

 

Кең-Арал айылдык кеңешинин

төрагасы __________Б. Токонов

 

19-январь 2024-жыл

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана

ШТАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн калкынын саны 3894адам

2ден 5ке чейин

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1

Жооптуу катчы

1

Каржы-экономикалык бөлүмүнүн  башчысы

1

Маалымат компьютердик технологиялар боюнча башкы адис

1

Социалдык маселелер боюнча  башкы  адис

1

Экономика жана статистика боюнча  жетектөөчү адис

1

Киреше боюнча жетектөөчү адис

1

Жер,турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис

1

Жыйынтыгы:

8

 

Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары

Адис - Аскердик –эсепке алуу столунун инспектору

1

 

Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер: ТТК МТК

Кароолчу

1

Тазалоочу

1

Жыйынтыгы:

2

Жалпы штаттык бирдиктин саны

11

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Н.Бейшеналиева