Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 9-январы № 3
Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жийделик калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жийделик айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Качыбек калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Качыбек айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Мээркан калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Мээркан айылы деп аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Татар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Татар айылы деп аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач айылы деп аталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Достук калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Достук айылы деп аталсын.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кызыл-Тал калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кызыл-Тал айылы деп аталсын.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Калдай калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Калдай айылы деп аталсын.
12-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил айылы деп аталсын.
13-берене.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ысык-Кел облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек айылы деп аталсын.
14-берене.
Жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов, Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик, Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач, Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал, Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагынын Калдай, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек айылдарынын чек араларынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
15-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
"Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жапа Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда сунушталган калктуу конуштардын чек араларынын баяндамасы
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов калктуу конушунун тышкы чектеринин жазылыш баяндамасы
(1)