АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-январы № 6
Ысым ыйгаруу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2024-жылдын 18-январындагы кезектеги 14-сессиясы Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Сатканкул уулу Нурландын кайрылуусун угуп,талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылындагы Ибрай көчөсүнөн баштап Тургун,Соорбек, Ала-Тоо,Жангир жана Өмүрбек Молдо көчөлөрүн кесип өткөн кайрылыш “Шабдан уулу Абдыбек” атындагы кайрылыш деп аталсын.
2. Маркум Шабданов Абдыбектин балдары кайрылыштын иш чараларына жардам көрсөтүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Н.Умбеталиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев |