Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

   Исхак-Полотхан айыл аймагынын  айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги отуз үчунчү сессиясы

2024-жылдын 16-январы № 108

Исхак-Полотхан жайыттан пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жыл үчүн иш планын  жана бюджетин бекитүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан  айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында жылдык иш-планын жана бюджетин талкуулап чыгып токтом кылат:

 

  1. Исхак-Полотхан жайыттан пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдын иш-планы, киреше бөлүгү 310,2 мин сом,  чыгаша бөлүгү 410,2 мин сом өлчөмүндө бюджети жана  жайыттарды пайдалангандык үчүн  тарифтер  бекитилсин. 
  1. Жайыттан пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык иш-пландарынын негизинде гана жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин.
  1. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө жайыт пайдалануучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берүүгө милдеттендирилсин.
  1. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде жүргүзүү милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Исхак-Полотхан  айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго  жүктөлсүн. 
  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго  милдеттендирилсин.

Төрага

Кожонов З.Ы.