Редакцияот 08.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы

2023-жылдын 8-августу № 4

Багыш айыл өкмөтүнүн

Ленин кичи кѳчѳсүнѳ Жаркынбаев

Тагайбектин ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ

 

Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Ленин кичи кѳчѳсүнүн тургундарынын 20.07.2023-жылдагы «Октябрь айылындагы Ленин кичи кѳчѳсүнѳ коомдук ишмер Жаркынбаев Тагайбектин ысымын ыйгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2023-жылдагы протоколдук чечимин угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.  Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Октябрь айылындагы Ленин кичи кѳчѳсүнѳ коомдук ишмер Жаркынбаев Тагайбектин ысымы ыйгарылсын.

 

2.  Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы Ж.Маматканова жүктѳлсүн.

 

4.  Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Тѳрага

Ж.Сейдахматов