Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

   Исхак-Полотхан айыл аймагынын  айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги отуз үчунчү сессиясы

2024-жылдын 16-январы № 110

 

        Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн  2024-2028-жылдарга карата түзүлгөн  стратегиялык өнүгүү программасына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

        Исхак-Полотхан айылдык  кеңешининкезектеги отуз үчүнчү  сессиясына сунушталган маселелерди,  Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 15.01.2024-жылдагы №01-10/59 катын талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн  2024-2028-жылдарга карата түзүлгөн  стратегиялык Өнүгүү программасына өзгөртүүлөр киргизилсин.
  1. Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагында 11 760 000 сом акча каражатына буровой машина сатып алуу  сунушталгандыктан  Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн  2024-2028-жылдарга карата түзүлгөн  стратегиялык Өнүгүү программасына  өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилип бекитилсин.
  1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн  2024-2028-жылдарга карата түзүлгөн  стратегиялык Өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча иш алып баруу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик  иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.

 Төрага

 Кожонов З.Ы.