ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги отуз үчунчү сессиясынын
2024-жылдын 16-январы № 111
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн алдында “Таза суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги отуз үчүнчү сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Халмион айылдык кенешинин 16.08.2022-жылдагы №41 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2.Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрында кабыл алынган Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгу № 123 Мыйзамынын 65 беренесинине ылайык Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн алдында “Таза суу “ муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу, “Таза суу” муниципалдык ишканасын уюштуруу, Уставын иштеп чыгып бекитүү, каржылык, материалдык-техникалык базасын уюштуруу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.
Төрага | Кожонов З.Ы. |