КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезекcиз ХХХII сессиясынын
2024-жылдын 18-январы № 32/1
Айыл аймагындагы жер салыгы боюнча жеңилдиктерден пайдалануучу атуулдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, салык төлөмдөрүнүн жеңилдиктерден пайдалануу боюнча Салык кодексинин 344-беренесине ылайык Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
- Көтөрмө айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучулары, Чернобыль кырсыгынын катышуучулары, пенсия жашындагылар жана 1-2-топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан коп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
- Тамарка салыгы коэффиценти (Кз) 1,5 эсебинде калтырылсын.
- Айыл чарбасына жараксыз жер салыгы коэффиценти (Кз) 1,5 эсебинде калтырылсын.
- Айыл чарба багытындагы жер салыгы курулуш иштери бүткөнчө (Кк) 0,3 коэффицент менен алынсын.
- Акыр чикир чыгаруу ъз ара салыгы 100 сом эсебинде калтырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ нүн башчысы М. Мадумаровго, киреше бөлүмүнүн башчысы М. Султановго жүктөлсун
Төрага |
А. Бактыбаев |