Редакцияот 20.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз

XXV сессиясынын

 

2022-жылдын 20-декабры № 84

Абды Суеркулов айыл аймагында түзүлгөн Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткаруу комитетинин төрагасынын  маалыматын угуп , 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, А.Суеркулов айыл аймагында түзүлгөн Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставын айылдык кеңеште каттоо  жөнүндө

 

Абды Суеркулов айыл аймагында түзүлгөн Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) аткаруу комитетинин төрагасынын  маалыматын угуп , 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, А.Суеркулов айыл аймагында түзүлгөн Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставын Абды Суеркулов айылдык  кеңешинде каттоо жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов  айылдык кеӊешинин  IX чакырылышынын  кезексиз XXV сессиясы карап жана талкуулап

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Абды Суеркулов айыл аймагында түзүлгөн Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы (АКИА) Уставы Абды Суеркулов айылдык кеңешинен каттоодон өткөрүлсүн.
  1. Абды Суеркулов айыл аймагында түзүлгөн аткаруу комитетинин уставы Абды Суеркулов айыл аймагында аткарууга алынсын.
  1. Бул токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.
  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу  жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
  1. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

 

 

Кеңештин  төрагасынын орун басары           Таласбаева Т.

 

 

 

А.Суеркулов Айылдык Кеңешинин

___  чакырылышынын  

___-сессиясынын

2022-жылдын "___" декабрь

№ ____ Токтому менен

БЕКИТИЛДИ

 

А.Суеркулов

АКИАнын Конференциясында

« 15 » ноябрь 2022 ж.

№1 протоколу менен

БЕКИТИЛДИ

 

 

 

                                                             

 

А.Суеркулов

Айылдык Аймагыгын айылдык

Кеңешинен эсептик каттоодон өттү

" ___ " декабрь 2022 ж.

Каттоо № __________________

 

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД областынын

ТОКТОГУЛ  районунун

А.Суеркулов айылдык аймагынын

Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын

У С Т А В Ы

 

 

 

 ____ декабрь  2022 ж.

 

 

I. Жалпы жоболор

1.     Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөн Айылдык коомчулуктун  инвестициялык Ассоциациясынын толук аталышы:

-       мамлекеттик тилде: Жалал-Абад областынын,Токтогул  районунун, А.Суеркулов айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;

-       расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация селских сообществ» А.Суеркуловского айыльного аймака Токтогульского района Жалал-Абадской области.

  1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:

-       мамлекеттик тилде:  А.Суеркулов айылдык аймагынын АКИА;

-       расмий тилде: ИАСС А.Суеркуловского айыльного аймака.

  1. А.Суеркулов айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы,Токтогул району,  А.Суеркулов айылы, Айдараалы көчөсү № 34.
  2. АКИА өз ишмердүүлүгүн А.Суеркулов айылдык аймагында жүргүзөт.
  3. АКИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.

6.     АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына  жана чечимдерине таянат.

7.     АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин (протоколун), Уставын тапшырат.

8.     АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.

II. АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери