Редакцияот 18.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

   Көтөрмө  айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезекcиз ХХХII сессиясынын

2024-жылдын 18-январы № 32/4

 

Тамаша айылындагы малдарды асылдандыруучу пунктуна жасалма уруктандырууга керектелүүчү шаймандарды сатып алууга каражат кароо жөнүндө

        Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап,   Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы

                                                           Токтом кылат:

        1. Тамаша айылындагы малдарды асылдандыруучу пунктуна жасалма уруктандырууга керектелүүчү шаймандарды сатып алууга Көтөрмө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен  183 000 (бир жүз сексен үч миң) сом бөлүнүп берилсин.

         2. . Керектүү каражатты бөлүп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго  милдеттендирилсин.

       3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага  

   А. Бактыбаев