КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезекcиз ХХХII сессиясынын
2024-жылдын 18-январы № 32/11
Жайыт комитетинин 2023-жыл ичинде аткарган иштери отчетун угуу жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
- Жайыт комитетинин төрагасы Н.Мамаюсуповдун 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Жайыт комитетинин бюджети 2024-жылга карата 349410 (уч жүз кырк тогуз миң төрт жүз он) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Жайыт комитетинин бекитилген бюджетин максаттуу, мыйзамга ылайыктуу пайдалануу жайыт комитетинин төрагасы Н. Мамаюсуповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бактыбаев |