Редакцияот 14.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2022-жылдын 14-декабры № 1

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин   киреше 

        жана чыгаша  бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Алымкуловдун күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин                                  IX чакырылышынын кезексиз   XXII сессиясы

 

                                       Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

  1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүүчү салыктардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу жалпы киреше бөлүктүн планына 865,5 миң сом кошулуп берилсин.

a)    865,5 миң сом каражаттын ичинен №46 А.Жаныбеков атындагы мектептин                  спорт-залынын курулушуна 602,5 миң сом, “17-март спорт комплекси” атындагы борбордук спорт-залдын курулушуна 250,0 миң сом, айыл өкмөттүн кызматкерлерин кеңсе товарлары менен камсыздоого 10,0 миң сом, Кара-Суу айыл аймагынын газета журналдарынын тиркемесине 3,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу   комиссиянын  төрагасы А. Алымкуловго  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасы:

У.Жунусалиев