Редакцияот 04.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 4-декабры № 29

Генпланга кирип кеткен участокторго макулдук берүү жөнүндө

Ак-Татыр айылдык кеңешинин төрагасы сессиясынын жүрүшүндө Ак-Татыр айылынын тургуну Ашимова Манзура Мамасалиеванын арызын ар түрдүү маселеде каралып, Ак-Татыр айылында эки генпланга өзгөтүү киргизүү маселесин депутаттар карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Токтом кылат

 

1.  Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылында эки генпланды өзгөртүүгө, Ак-Татыр айылынын үч тургуну Ашимова Манзура, Исаева Анаргүл жана Ражапова Лутфинсанын жерлерин мыйзамдаштырууга ылайык эки генпландын өзгөрүшүнө макулдук берилсин.

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу Б.Турдуевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

Ысаков С.Б.