Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 4-февралы № 7

          Талды-Булак айыл аймагында менчик короодо мал багуу тартиби тууралуу

 Талды-Булак айыл аймагынын жашоочуларынын айылдын көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жана санитардык абалын бузуп, жолдор менен басууда ыңгайсыздыктарды жаратып аткандыгы тууралуу нааразычылыктарын  эске алуу менен Талды-Булак айылдык кеңеши

                                           

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1.Талды-Булак айыл аймагынын менчик короо жайларда койдун башы жана башка малдын башынын саны 50 (элүүдөн) ашса,жылдын 1-майынан тартып, 1-октябрына чейин Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт комитетинин карамагындагы жайыттарга чыгышсын.

    2.Жеке менчик короодо чектелген малдын санынан ашык малды багууга тыюу салынат жана тартипти бузгандыгы үчүн Мыйзам чегинде жоопко тартылат.

   3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу милдетин өзүмө калтырамын.

Төрага

К. Жоомартов