Редакцияот 28.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 28-октябры № 14

Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин  37 ст. 3 пунктунда каралган  жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга  киргизүү жана зоналдык коэффицентти  кабыл алуу жөнүндө     

    Талды- Булак айыл кеңеши жергиликтүү салыктарды  жана зоналдык коеффициентти  карап чыгып жана талкуулап төмөнкүчө

                                                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1.Салык Кодексинин  37 ст. 3 пунктунда каралган төмөнкү  жергиликтүү салыктар 2023-жылдан баштап жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга  киргизилсин:

1)Турак жай  имараттары жана жайлары;

2)Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар;

3)Айыл чарба жерлеринен башка жер участоктору ;

4)Айыл чарба жерлери;

5)Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарба жер участогунун салыгы ;

6)Транспорт  каражаттары, анын ичинде аба жана суу кемелери үчүн салыктар.

       2.Талды-Булак айыл өкмөтү боюнча  зоналдык коэффицент КЗ=1,2 өлчөмүндө кабыл алынсын.

       3.Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

       4.Бул токтом ченемдик укуктук  актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

       5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек уулу Белекке жүктөлсүн.

Төрага К. Жоомартов