Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министирлигинин 

2023-жылдын 29 декабрындагы

№ 218 буйругу менен бекитилген

 

      9-тиркеме

 

 

Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрин жүргүзүүнүн бул тартиби “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрин жүргүзүүнү аныктайт.

2. Жеке нотариус үчтөн кѳп эмес жардамчыга ээ болушу мүмкүн.

3. Юридикалык жогорку билими бар, соттуулугу жок Кыргыз Республикасынын жараны жеке нотариустун жардамчысы боло алат.

4. Жеке нотариустун жардамчысынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен аныкталат.

5. Жеке нотариус жардамчысы менен эмгек келишими түзүлгөндүгү же бузулгандыгы жөнүндө жети күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына кабарлайт.

Эмгек келишимин түзүү жөнүндө кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1) тийиштүү түрдө толтурулган жана сүрөтү менен жеке колу коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы;

2) эмгек келишиминин көчүрмөсү;

3) жардамчынын паспортунун көчүрмөсү;

4) жардамчынын юридикалык жогорку билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;

5) жардамчынын соттуулугу болбогондугу жѳнүндѳ маалымкатты;

6) жардамчынын анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга макулдугу (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган субъекттин макулдугунун формасы боюнча);

7) PDF форматында сүрөт.

Жеке нотариустардын жардамчыларынын өздүк делолору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде түзүлөт жана сакталат.

6. Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестрине (мындан ары - реестр) жеке нотариус менен эмгек келишимин түзгөн адамдар жөнүндө маалыматтар киргизилет.

7. Реестр жеке нотариустардын жардамчыларын эсепке алуу жана кызыкдар жактарды реестрде камтылган маалымат менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 1-тиркемеге ылайык, форма боюнча жүргүзүлөт

8. Реестр электрондук формада жүргүзүлөт.

 

2. Реестрге жардамчы жөнүндө маалыматтарды киргизүү

 

9. Реестрге төмөнкүлөр киргизилет:

1) жардамчынын фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);

2) туулган датасы жана жери;

3) сүрөтү;

4) ким экендигин ырастоочу документтин реквизиттери;

5) эмгек келишимин түзгөн жеке нотариалдык кеңсе же нотариалдык бюро жөнүндө маалыматтар (жеке нотариустун аты-жөнү, лицензиянын номери жана берилген датасы, нотариалдык аймагы, жеке нотариалдык кеңсенин жайгашкан жери, нотариалдык бюронун аталышы);

6) эмгек келишими түзүлгөн дата;

7) эмгек келишимин бузуу жөнүндө маалыматтар (эмгек келишимин токтотуунун негизи жана бузуунун датасы);

8) жеке нотариустун жана жардамчынын иш телефонунун номери жана электрондук почта дареги.

 

3. Нотариустардын жардамчыларынын реестрине

өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

10. Реестрде камтылган жардамчы жөнүндө маалыматтар өзгөрсө, тиешелүү өзгөртүүлөр, билдирүүнү алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде киргизилет.

 

4. Нотариустардын жардамчыларынын реестринен маалыматты берүү

 

11. Реестрде камтылган маалыматтар ачык мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен реестрден көчүрмө түрүндө кайрылуунун негизинде кызыкдар адамдарга берилет.

 

 

1-тиркеме

 

Жеке нотариустардын жардамчыларынын

реестрин жүргүзүү тартибинин

 

 

Жеке нотариустардын жардамчыларынын реестри

 

№

Аты-жөнү

Туулган датасы жана жери

Сүрөтү

Ким экендигин ырастоочу документтин реквизиттери

Жеке нотариалдык кеңсе жөнүндө маалыматтар (жеке нотариустун аты-жөнү, лицензиянын номери жана берилген датасы, нотариалдык аймак, жеке нотариалдык кеңсесинин жайгашкан жери, нотариалдык бюронун аталышы)

Эмгек келишим түзүлгөн дата

Нотариустун жардамчысынын эмгек келишимин бузуу жөнүндө маалыматтар (эмгек келишимин токтотуунун негизи жана эмгек келишимин бузуунун датасы)

Жеке нотариустун иш телефонунун номери жана электрондук почта дареги

 

Жеке нотариустун жана жардамчысынын иш телефонунун номери жана электрондук почта дареги