КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-январы № 55/XIX-1
Кайыңды шаарынын мэринин
«Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» отчетун бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктунун негизинде, Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022 - жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” отчетун угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022 – жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” отчету бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов