КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-январы № 57/XIX-3
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын ишин кайра баштоого макулдук берүү жөнүндө
Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө байланыштуу, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү” жөнүндө, катын карап, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык объекттердин көбөйүшүнө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын ишин кайра баштоого макулдук берилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын балансында турган мүлктөр Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
3. Кайыңды шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12 - августундагы № 43/XV-1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов