Редакцияот 02.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 2-июну  № 24/83

Кадамжай районунун Кара-Кыштак айылынан Кызыл-Кыя шаарына таза суу тартуу долбоору  жөнүндө 

         

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 24-майындагы №48 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын “Эл демилгеси” коомунун мүчөлөрү А.Эргешовдун жана А.Апсаматовдун 2023-жылдын 25-апрелиндеги кириш №Кл-54 сандуу  катын эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кадамжай районунун Кара-Кыштак айылынан Кызыл-Кыя шаарына таза суу тартуу боюнча сунуштар колдоого алынсын жана тартылуучу таза суунун долбоорун даярдоо, долбоордун  негизинде таза сууну тартууга кетүүчү каржы булагын аныктоо жана  чыгаша-сметасын иштеп чыгуу,  инвесторлорду тартуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.

2.     Кадамжай районунун Кара-Кыштак айылынан Кызыл-Кыя шаарына таза суу тартуу боюнча болжолдуу долбоорун даярдаган М.Маматов, З.Маматов менен тыгыз иш алып баруу жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы шаардын мэри А.Маткалыковго, ММДнын башчысы И.Салиевге, “Сууканал”ми жетекчиси А.Сатыбалдыевге, шаардын башкы архитектору Максытали уулу Бекболотко, “Кадастр” ишканасынын жетекчиси К.Ахматовго жүктөлсүн.

3.     Кадамжай районунун Кара-Кыштак айылынан Кызыл-Кыя шаарына таза суу тартуу долбоорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен колдоо көрсөтүү менен республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атажанов Ырысбек Ысламовичтен суралсын.  

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж. Калматов