Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы 

2023-жылдын 23-январы №5

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн акы алуучу тарифтерди бекитүү жөнүндө

     Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Ибраимовдун  билдирүүсүн угуп, талкуулап, айыл аймагында “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн      кызматтары үчүн акы алуучу тарифтерди бекитүү максатында Үч-Төбө айылдык Кенеши

 

  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн  кызматтары үчүн төмөндөгүдөй өлчөмдө акы алуучу тарифтери бекитилсин:

 

Суу пайдалануу үчүн ай сайын ар бир кожолука  - 100 сом

Таштанды чыгарууга - 50сом

 

2.Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаттары өздүк эсебине төгүлүшүн камсыз кылуу жана сарамжалдуу пайдалануу жагы “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Ибраимовго милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Мадакимовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:  

 

 Асантай  уулу А