ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2023-жылдын 23-январы №6
Үч-Төбө айыл айылдык кеңешинин 2023-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине жана Үч-Төбө айылдык Кеңешинин регламентине ылайык Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Төбө айылдык Кенешинин 2023-жылга түзүлгөн иш планы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, жергиликтүү Кенештин компетенциясында белгиленгендей бекитилсин.
2.Жылдык иш планда көрсөтүлгөн иш чараларды жетекчилике алуу жана жүзөгө ашыруу, алардын аткарылышына жетишүү жагы мекеме жетекчилерге жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Айылдык Кеңештин иш планында көрсөтүлгөн маселелер өз мезгилинде сессияга коюлуп, ырааттуулук менен өткөрүлүшүнө түздөн-түз аракет кылуу жагы туруктуу комиссияларга жана айылдык Кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
4.Иш пландагы маселелердин ырааттуулук менен аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын
Төрага: |
| Асантай уулу А |