КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУК
2023-жылдын 14-ноябры
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигин Буйрук № 01-13/231 |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министр Буйрук № 138-б |
2023-2024-жылдарга карата бюджеттик уюмдардын жеке керектөөлөрүнө электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын лимиттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 158-т тескемесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 4-бөлүгүнүн 10-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, бюджеттик керектөөчүлөрдү энергетикалык изилдөөнүн жыйынтыктарын эске алуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө бюджеттик уюмдарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында буйрук кылабыз:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илим-изилдөө институту (мындан ары - Институт) тарабынан алынган электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын такталган чоңдуктарын эске алуу менен, 2023-2024-жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу бюджеттик уюмдар үчүн жеке керектөөгө электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөө лимиттери ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр боюнча энергия ресурстардын бекитилген лимиттерин эки жумалык мөөнөттө бөлүштүрсүн жана билдирсин;
- ведомстволук жана аймактык мекемелерди кошкондо бюджеттик уюмдардын тизмесин эки жумалык мөөнөттө Институтка берсин;
- бюджеттик уюмдар, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, анын ичинен субабоненттер-ижарачылар боюнча эсепке алуу каражаттары менен белгиленген энергия ресурстарын иш жүзүндө керектөөнүн жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Институтка берсин;
- энергия ресурстарынын бекитилген керектөө лимиттерин милдеттүү түрдө сактасын;
- бюджеттик эмес керектөөчүлөрдүн энергия системасына туташуу жана бюджеттик эмес уюмдардын энергия ресурстары (электр жана жылуулук энергиясы) үчүн чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө фактыларына жол бербесин.
3. Институт:
- 2023-жылдан тартып республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарды энергетикалык изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин туруктуу негизде жүргүзүүнү улантсын;
4. Бюджеттик уюмдарга электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын берүүнү камсыз кылган ишканаларга:
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө бюджеттик уюмдардын, анын ичинен субабоненттердин ижарачылардын энергия ресурстарын иш жүзүндө керектөөлөрү жөнүндө Институтка отчет берүү;
- бюджеттик уюмдарга тиешелүү тиркемелер жана токтун трансформаторлорун тандоо боюнча негизделген эсептөөлөр менен энергия ресурстарын берүүгө контракттарды, туташтырууга техникалык шарттарды, энергия ресурстарын керектөө жөнүндө анык маалыматтарды аныктоо максатында, эсепке алуу түйүндөрү боюнча энергия ресурстарын иш жүзүндө керектөөнүн ведомосттору менен эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө жана өз убагында берүү;
- ОЭК ишканаларынын жетекчилерине бул пункттун талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөө сунушталсын.
5. Бул буйруктун жоболорун бузуу жана энергия ресурстарынын бекитилген лимиттеринен ашып кетүү үчүн жеке жоопкерчилик тиешелүү бюджеттик уюмдардын жана алардын ведомстволук жана аймактык мекемелеринин жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 23-августундагы № 01-13/138 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн бекитилген лимиттерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине жана ведомстволоруна, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жиберсин;
- бул буйруктун акткарылышын контролдоону камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри___________Т.Ө.Ибраев | Кыргыз Республикасынын Финансы министри____________А.К.Бакетаев |