Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРПрезидентинин

2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2023-жылдын 15-сентябрында ПЖ № 236

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренесинелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санында:

- төмөндөгүдөй редакциядагы 31-пункт менен толукталсын:

“

31

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТООЛУУ РЕГИОНДОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШ-АРАКЕТТЕРДИН БЕШ ЖЫЛДЫГЫНЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА АТАЙЙЫН ӨКҮЛҮ

1

                                                                                                                                                ”;

-“БАРДЫГЫ:” позициясындагы “259” деген цифралар “260” деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров