Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Байтик айылдык кеңешинин 33 отуруму

 28 созыв

2023-жылдын 6-апрели № 19-п

Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү

Жожобаева Аскербүбү Жумагазиевна убактылуу пайдалануудагы жер участогун айыл чарба багытындагы (жайыт) категориядан жер, өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Башкарасуу айылында жайгашкан №256 контурунда 0,10 га. жер участогун айыл чарба багытындагы (жайыт) категориядан, “өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуууга макулдук берүү.

2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы (жайыт), айдоо жерлеринин категориясынан жер, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

Төрөайым

 

Д.Б. Шаршембаева