ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 24-июлундагы № 01-19/628 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкердикти колдоо максатында, жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо, көрсөтүү, айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу иш орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундары жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” жана башка жер мамилелери боюнча мыйзамдарына ылайык (аукцион, конкурс, жана башка талаптар), Тескей айылында № 77-контурунда жайгашкан муниципалдык менчикте турган 0.40 га жер аянтына инвестиция тартуу максатында, убактылуу конкурстук ижара келишиминин негизинде көп жылдык мөөнөткө, курулуш куруп пайдаланууга: өнөр-жай багытындагы ишканаларды, мончо жана мал-чарба фермаларды курууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |