ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 5
Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 123 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программасын бекитүү тууралуу
Жаңы-Ноокат айыл аймагында азыркы күндө үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулагандыгына байланыштуу, элдин турак-жайга болгон муктаждыктарын эсепке алып, турак-жай куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган жарандарга жер тилкесин берүү максатында, тиешелүү адистер тарабынан 2021-2022-2023-жылдар аралыгында, даярдалган иш-кагаздарын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9- бөлүгүнүн 7-бөлүкчөсүнө жана 12- бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүнө ылайык, жергиликтүү аймактын шартынын негизинде даярдалган турак-жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү маселелерин чечүү жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программа жана аталган Программанын аткаруу боюнча иш-чаралар № 1 жана № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген иш-чараларды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” жана “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) 2023-жылдын 18-августундагы № 5 Токтомуна
№ 1Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн түзүлгөн
Иш-чаралар
№ |
Аткарылуучу иштердин мазмуну
|
Аткаруу мөөнөтү |
Ресурстар |
Жооптуулар |
Эскертүү
|
1 | Айылдардагы турак-жай курууга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров, А.Артиков, Ш.Акбаров, А.Махмудов М.Журабоев, АЯйлопов, Т.Норматов, А.Юсупов, А.Арабоев
|
|
2 | Турак-жай курууга муктаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров, А.Артиков, Ш.Акбаров, А.Махмудов М.Журабоев, АЯйлопов, Т.Норматов, А.Юсупов, А.Арабоев
|
|
3 | Айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт |
М.Хайдаралиев |
|
4 | Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт |
М.Хайдаралиев |
|
5 | Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарында архитектуралык иш-кагаздарын даярдоо |
2023-жыл
| Жергиликтүү бюджет | М.Хайдаралиев жана М. Собиров |
|
6 | Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү |
2023-жыл
| Ресурс талап кылынбайт |
Айыл өкмөтү
|
|
7 | Турак-жай куру үчүн берилүүчү жер тилкесинин өлчөмүн жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү |
2023-жыл
| Ресурс Талап кылынбайт |
Айыл өкмөтү
|
|
8 | Турак-жай куруу үчүн жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүнүуюштуруу | 2023-2024- жылдар |
Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров, А.Артиков, Ш.Акбаров, А.Махмудов М.Журабоев, АЯйлопов, Т.Норматов, А.Юсупов, А.Арабоев
|
|
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) 2023-жылдын 18-августундагы № 5 Токтомуна
№ 2Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Программасы
1.Киришүү бөлүгү
2.Программанын максаты жана милдеттери
3.Айыл тургундарына турак жай үчүн жер участогун берүүнү камсыз кылуунун иликтөө
4.Программанын иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
5.Күтүлүүчү натыйжалар
1.Киришүү бөлүгү
1. Киришүү
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары — Программа) Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга берилет деп белгиленген.
Жаңы-Ноокат айыл аймагында азыркы күндө элдин саны 32 288 кишини түзөт. Жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, 2017-жылы 290, 2018-жылы 340, 2019-жылы 210, 2020-жылы 280, 2021-жылы 290, 2022-жылы 320, 2023-жылдын 6-айында 150 үй-бүлө курулган. Адам санынын эсебинен чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны эки жана үчкө жеткендиги, ар түрдүү себептер менен турмушу бузулуп кеткен үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгү жок айыл тургундарынын санынын артышы, жер участогун алууга мыйзам чегинде жеңилдиги бар айыл тургундары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн убакытта алардын саны 3146 кишиге жеткен. Аталган айылдардагы турак-жайга муктаж болгон жарандар үчүн акыркы ирээт 2013-жылы жер участоктору берилген.
Айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү иликтөө иштеринин жыйынтыгы: